КӨЗҮҢДҮ КАРА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)«Абайла», «байка», «этиет бол» деген мааниде колдонулат. Сен бала, көзүңдү кара, өзүң комсомол болуп туруп, кой өлтүрүшүң уят, - деп күпүлдөдү да кайра жүрүп кетти (Жантөшев). -Ой, карыя, көзүңдү кара! - деп бир маалда үстүртөн кыйкырык чыкты (Жусупов).